http://www.ktrk.kg/Турак-жай куруу демилгесинен келип чыккан түшүнбөстүктөр

Турак-жай куруу демилгесинен келип чыккан түшүнбөстүктөр

6 Апр 2016 , 9:01 3822

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мындан бир нече күн мурун Коомдук биринчи каналдын эфиринен Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айыл аймагында айрым бир жарандар турак-жай куруп беребиз деп элден каражат чогултуп, бирок арадан 2 жыл өтүп, баягы убадалар аткарылбай калганы тууралуу сюжет берилген. Элдин турак-жай маселесин чечип берүүнү убада кылгандардын бири Назгүл Сейитбек атуу аял . 

Ал эми Ысык-Ата районунун тургундарына бөлүнүп бериле турган жер Ново-Покровка айыл аймагында жайгашкан. Аянты 163 гектар экен. Уюштуруучулардын айтымында алар бул жерге үй кура турган кытайлык инвесторлорду да таап коюшкан.

Бирок акыркы учурларда айрым курулуш компаниялары тез аранын ичинде, арзан баадагы жана узак убакытка насыя менен турак-жай куруп беребиз деп, бирок карапайымдардан акчасын чогулткандан кийин куйругун түйгөндөр көп кездешүүдө. 


Андыктан азыр талашка түшүп жаткан жер тилкесин дагы расмий органдар тыкыр текшерип, андан соң гана кандайдыр бир ишти баштоого уруксат берүү зарылчылыгы айтылды. Ал эми Коомдук биринчи канал кимдин пикири кандай болбосун, обьективдүү чагылдырууга даяр. 



Новости по дате