http://www.ktrk.kg/Баткенде калкты тейлөө жакшырды

Баткенде калкты тейлөө жакшырды

9 Сент 2019 , 22:24 700

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен районунун жана шаарынын калкын тейлөө борбору жаңы имаратка көчкөндөн бери тейлөө тармагы жакшырганы байкалууда. Бул имаратта жарандар даректик бюро жана паспорт берүү, жарандык актыларды каттоо боюнча кызматтарды бир кеңседен эле алышууда. Ошол эле учурда кезек күтүү да электрондоштурулуп, буга чейинки ыңгайсыздыктар жоюлган. Буга чейин калкты тейлөө борбору тар имаратта жайгашкандыктан, кызматкерлер үчүн да көйгөй болуп келген. Эми күнүнө 250 адамды тейлегенге шарт жаралды.

Баткен шаарынын тургуну Апызалы Кочкоров жалпы жарандык паспорт алуу үчүн Баткен шаарындагы калкты тейлөө борборуна келген. Буга чейинкидей түйшүк тартып, иш кагаздарын топтоштурууга көп убакыт сарптайм деген ою бул жерде түзүлгөн шарттан улам өзгөрүлдү. Эми кыска убакытта эле паспорт алууга болот.

Ыңгайлуу шарт түзүү үчүн калкты тейлөө борбору жаңы имаратка көчкөн. Эми жарандар бир эле кеңседен өздөрүнө керектүү болгон иш кагаздарын ала алышат. Мындай шарттардын түзүлгөндүгү калк үчүн эле эмес, бул жерде иштеген кызматкерлерге да ыңгайлуу болуп калды. 

Электрондук кезек жана күтүү залынын уюшулгандыгы операторлор үчүн сапаттуу жана көбүрөөк жарандарды тейлегенге мүмкүнчүлүк жаралгандыгын айтышууда. Баткен районунун жана шаарынын калкын тейлөө борбору жаңы имаратка көчкөндөн бери жарандар даректик бюро жана паспорт берүү, жарандык актыларды каттоо боюнча кызматтарды бир кеңседен эле алышууда. Жалпысынан бир күндө 250дөн ашуун жаранга кызмат көрсөтүлүүдө. 





Новости по дате