
Коста-Рикада жапайы жаныбарлар менен сүрөткө түшүүгө тыюу салынат
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Коста-Рикада туристтерге жапайы жаныбарлар менен "селфи" кылууга тыюу салынат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты. Коста-Рикада Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги туристтерге жапайы жаныбарлар, канаттуулар менен сүрөткө түшүүгө тыюу салууну пландап жатат.
"Биз туристтерден жапайы жаныбарларды сүрөткө тартып, аларды кармабоону суранабыз", - деген билдирүү тараткан.
Эске салсак, дүйнө туристтеринин көпчүлүгү Борбордук Америкадагы улуттук сейил бакка келип кетишет. Алар түрдүү канаттууларды жана жаныбарларды көрүү үчүн келишет. Ал эми алар менен сүрөткө түшүү жаныбарларды чүнчүтүп, кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн, - деп жазылат маалыматта.