http://www.ktrk.kg/Антибиотиктерди туура эмес пайдалануу өлүмгө дуушар кылат

Антибиотиктерди туура эмес пайдалануу өлүмгө дуушар кылат

19 Нояб 2019 , 16:58 620

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Антибиотиктерди туура пайдалануу- өмүрдү сактайт! Мына ушундай ураан менен Кыргызстанда күчтүү дары каражаттарын туура колдонуу боюнча бир жумалык башталды. Анын алкагында ар кандай маалымат арттыруучу иш-чаралар өткөрүлөт. 

Адистердин белгилешинче, жарандардын мындай препараттарга болгон туура эмес мамилеси олуттуу ооруга кабылганда пайдасыз болуп калуусуна шарт түзөт. 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Европада жылына 25 миңден ашык адам бактериалдык инфекциянын айынан көз жумат. Мындан улам саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды аталган препараттарды абайлап колдонууга чакырат. 

Кененирээк аудиодон укса болот.

Рахат Кыдыртоктоев, "Биринчи радио"


Новости по дате