http://www.ktrk.kg/Дин саясатташканда коомго коркунуч жаралат

Дин саясатташканда коомго коркунуч жаралат

21 Нояб 2019 , 21:08 328

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ислам менен православ ишенимин карманган ишмерлер динди саясий кызыкчылык үчүн пайдалануунун кесепети оор экенин эскертишти. Кыргызстанда аталган эки диндин ортосунда бир да жолу кагылышуу болбогону өлкөнүн өзгөчө жетишкендиги катары белгиленди. Бирок дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдөн, зордук-зомбулукка карата чакырыктардан коргонуу зарыл.


Динге болгон ишеним ар башка деп айтылганы менен, максаттар бир, көйгөйлөр окшош. Мусулман менен православ чөйрөсүнүн өкүлдөрү тарабынан дал ушундай пикирлер айтылды. Ар түрдүү конфессиялардын ортосундагы алака тынчтыктын, өнүгүүнүн түркүгү болушу шарт.


Кыргызстанда мусулмандар менен православдардын ортосунда бир да жолу кагылышуу болгон эмес. Бул өлкөнүн дин чөйрөсүндөгү жетишкендиги катары каралууда. Бирок ааламдашуу орун алып, дүйнөнүн булуң-бурчунан ар кандай чакырыктар жасалып жаткан шартта андан коргонуу маанилүү. Кастык кандай учурда козутулушу мүмкүн?

Эки диндин баалуулуктарын даңазалап, бир максатты көздөгөн аракеттерди дагы арттыруу үчүн мындай жыйынды ар жыл сайын өткөрүү чечими кабыл алынды. Конфессиялардын ортосундагы келишпестик тобокелчилиги талданып, анын алдын алуунун жолдору изилденет. Көпчүлүктүн баамында Кыргызстанда диний абал туруктуу. Бирок, ар түрдүү коркунучтарга каршы даяр туруу зарыл.




Новости по дате