http://www.ktrk.kg/Журналисттик иликтөө боюнча...

Журналисттик иликтөө боюнча...

25 Нояб 2019 , 0:45 663

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бейшембиде Азаттык медиа мекемеси, Клооп менен коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча борбор менен биргеликте жемкорлукка байланыштуу кезектеги журналисттик иликтөөсүн жарыялады. Анда өткөн жылдарда Бажы кызматындагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу баяндалат. Журналисттерге бажыдагы коррупция тууралуу Түркияда 10-ноябрда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Айэркен Саймаити маалымат берген жана өзү Кыргызстандан акчаларды сыртка чыгарып, адалдап берип турган ортомчу экенин моюндаган. 

Бул журналисттик иликтөө коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты. Бирок тыйындын эки бети бар дегендей бул иштердин артында чоң саясий күчтөр турушу толук ыктымал-дейт саясат таануучулар. Анын үстүнө келерки жылдын күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Мындай учурдан пайдаланып өз кызыкчылыгын көздөгөн саясий күчтөр абалды башка нукка бурууну көздөп жатат. Бул жагынан алып караганда эми тышкы чакырыктарга да каршы туурууга туура келет.



Новости по дате