http://www.ktrk.kg/РФ: жол кырсыгынан төрт кыргызстандык каза болду

РФ: жол кырсыгынан төрт кыргызстандык каза болду

9 Дек 2019 , 13:36 1557

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Орусияда жол кырсыгынан каза тапкан төрт кыргызстандыктын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Элчиликтин маалыматына ылайык, кырсык 8-декабрда Оренбург облусунун Казань - Оренбург - Акбулак унаа жолунун 76-чакырымында катталган. Кыргызстандыктар бара жаткан «Тойота Превиа» унаасы каршылаш тилкеде келе жаткан «Мерседес Спринтер» кичи автобусу менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен эки машине тең күйүп кеткен. “Тойота” үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги үч жүргүнчү сыртка чыкканга жетишкен, үчөө ошол жерден жан берген, төртүнчүсүн терезеден сууруп чыгарып жаткан маалда үзүлгөн. Учурда үч адам ооруканада.

Ал эми «Мерседес Спринтерде» бир гана адам бара жаткан. Ал Өзбекстандын жараны экени аныкталды, ал дагы ооруканада.

Новости по дате