http://www.ktrk.kg/Окуучулар үчүн “Балдарга бактылуу жол” акциясы өттү

Окуучулар үчүн “Балдарга бактылуу жол” акциясы өттү

24 Дек 2019 , 10:29 719

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы борбор калаадагы №12 мектептин окуучуларына “Балдарга бактылууу жол” акциясын өткөрдү. Анда башталгыч класстардын окуучулары менен жол кыймылынын эрежелерине тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Акцияда окуучулар жол белгилерин чагылдыруучу балаты оюнчуктарын жасашты. Андан сырткары айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана жөө адам өтө турчу чиймени эске алууга чакырышты. Акциянын максаты-жарандарды жолдо жүрүм-турум маданиятын тарбиялоо жана балдардын катышуусу менен болгон жол кырсыктарын азайтуу.

"Биз бир айдан бери балдардын кышкы эс алуусуна карата, балдардын коопсуздугуна камсыздоо максатында "Балдарга бактылуу жол" атылышындагы акция өткөрүп жатабыз",- деди ЖКККББнын өкүлү Тилек Оторов.

Новости по дате