http://www.ktrk.kg/Майрамдан кийин борбордогу аянттан 3 тонна таштанды чыгарылды

Майрамдан кийин борбордогу аянттан 3 тонна таштанды чыгарылды

1 Янв , 18:12 849

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык майрамдан соң, 3 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таң эртеден тарта нөөмөттө турушкан. Жалпысынан аянтты тазалоого 60 жумушчу жана 5 атайын техника тартылып, 20 куб таштанды чыгарылган. "Тазалыктын" кызматкерлери аянттагы таштандыларды түнкү саат үчкө чейин тазалашкан. "Ала-Тоо" аянтынын аймагында кошумча 20 чоң желим контейнер жана 10 евроконтейнерлер коюлган.


Новости по дате