http://www.ktrk.kg/Кемин районундагы өнүгүүгө карай чечкиндүү кадамдар

Кемин районундагы өнүгүүгө карай чечкиндүү кадамдар

15 Янв , 11:38 844

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кемин районунда жергиликтүү тургундардын сапаттуу кызмат алуусуна шарт түзүлгөн. Аймактык оорукана толук оңдоодон өттү. Ага жергиликтүү бюджеттен 22 миллион 400 миң сом бөлүнгөн. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында райондо ишке ашкан социалдык долбоорлор арбын.

Кемин аймактык ооруканасы интернет менен камсыздалып, бир топ документтер электрондук үлгүгө өткөрүлгөн. Экономиканын күрөө тамыры болгон жолдорду курууда, реконструкциялоодо иш ыргактуу жүрүп жатат. Алардын катарында Орловка шаары бар. 30 жылдан бери оңдолбой келген жолдор оңдолууда.

Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айыл өкмөтүндө 1954-жылы салынган үй-бүлөлүк медицина борбору оңдолду. Буга чейин Фельдшердик-акушердик пункттун эскилиги жетип, калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө ыңгайсыздык жаралып келген.
Кемин району өнүгүүгө карай чечкиндүү кадамдарды жасап келет. 2020-жылы көчөлөрдү жарыктандырууга жана жолдордун абалын жакшыртууга өзгөчө басым жасалат.


Новости по дате