http://www.ktrk.kg/"Торугарт" менен "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

"Торугарт" менен "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

17 Янв , 16:43 1064

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз - Кытай чек арасындагы "Торугарт" менен "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай аракеттер Кытайдын жаңы жыл майрамына байланыштуу болот. 24-январда жабылган өткөрүү бекеттери 30-январга чейин иштебейт. Адамдарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү 2020-жылдын 31-январынан баштап жанданат.

Новости по дате