http://www.ktrk.kg/Оор турмушту башынан кечирип жаткан жетим балдарга колдоо көрсөтүүгө басым жасалат

Оор турмушту башынан кечирип жаткан жетим балдарга колдоо көрсөтүүгө басым жасалат

7 Фев , 22:08 1301

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ар бир бала үй-бүлөдө тарбия алып, жакындарынын мээримине балкып чоңоюуга укуктуу. Үй-бүлө чөйрөсүндө таалим тарбия алган бала коомдо өз ордун табат. 


Мындан улам балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан балдарды убактылуу болсо да үй-бүлө шартында тарбияланышына мүмкүнчүлүк түзүү жана бала асырап алуу жол-жоболору ачык жүргүзүлөт.

Бул иш аракеттер мамлекет башчысынын быйыл балдарды колдоо жылы деп жарыялаган жарлыгынын маңызын түзөт. Президент да Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушканда өзгөчө оор турмушту башынан кечирип жаткан жетим балдарга колдоо көрсөтүүгө басым жасала турганын белгиледи.



Үй-бүлөдө чоңоюп, татыктуу тарбия алган балдар ата-энеге карамдуу, коомго пайдалуу болуп чоңоюшат. Ошондуктан тарбия башаты үй-бүлөдө дешет адистер. Тилекке каршы кичинесинде эле аянычтуу тагдырга туш болуп, томолой жетим калып же ата-энеси ажырашып турмуштук оор жагдайлардан улам балдар үйлөрүнө түшүп калган балдарыбыз жок эмес. Бул кендирди кескен көйгөйлөргө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулат. Бирок эл жапырт колдосо, коомдогу бул социалдык курч маселени чечсе болот, - дейт мамлекет башчы.


Президент Сооронбай Жээнбеков быйылкы жылды "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялоо жарлыгына кол койгон. Өлкө башчысы Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушууда жарлыктын максаты баланын үй-бүлө чөйрөсүндө чоңоюшун камсыз кылууга багытталганын белгиледи. Эгер таптакыр эле үй-бүлөдө жашоого мүмкүн болбосо, туугандарын издөө керек. Себеби жетим балдар үйлөрүндө канчалык шарт түзүлбөсүн үй-бүлөдө туугандарынын үйүндө чоңойгон жакшы.

Жарлыкка ылайык балдардын үй-бүлөдө чоңоюшуна шарт түзүү ыкчамдатылат. Өткөн жылы балдарды асырап алууну каалагандар үчүн жол-жоболор жеңилдетилген. Бирок бул багыттагы айрым тоскоолдуктар, убаракерчиликтер жана ачыктыктын жоктугу коррупцияга жол берген. Мындан улам Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан асыроого алына турган балдардын жана асырап алууну каалаган ата-энелердин электрондук бирдиктүү маалымат базасы иштелип чыкмакчы.



Новости по дате