http://www.ktrk.kg/Өлкө башчыга элчилер ишеним грамоталарын тапшырышты

Өлкө башчыга элчилер ишеним грамоталарын тапшырышты

13 Фев , 23:17 300

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңыдан кызматка киришип жаткан Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүк башчыларынын, атайын жана ыйгарым укуктуу элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды. 

Тажикстандын, Ирандын, Исландиянын, Словениянын жана Израилдин элчилери өлкө башчыга ишеним грамоталарын тапшырышты. Президент элчилердин ар бири менен баарлашып, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу алканы арттыруу, экономикалык жана саясий кызматташтыкты чыңдоо боюнча сүйлөштү. 

 Президент бүгүн беш өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Алар Тажикстандын, Иран Ислам Республикасынын, Исландиянын, Словениянын жана Израилдин Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жетектейт.


Ар бир элчи менен маектешүү учурунда Мамлекет башчысы, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуудагы келечектүү багыттарды талкуулап, саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. 



Новости по дате