
2023-жылга чейин Кыргызстанда таза сууга муктаж бир да айыл калбайт
18 Фев 2020 , 22:05
744
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Ушул жылы өлкөдө сексенге жакын айыл-кыштак ичүүчү таза суу менен камсыз болот. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаменти учурда долбоорду ишке ашыруу аракетин көрүүдө. Ал эми 2023-жылга чейин, мамлекеттик программага ылайык, республикада таза сууга муктаж бир да айыл калбайт.