http://www.ktrk.kg/Кыргызстан - Россия: эриш-аркак кызматташуу жылынын расмий ачылышы өтөт

Кыргызстан - Россия: эриш-аркак кызматташуу жылынын расмий ачылышы өтөт

24 Фев , 11:46 396

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак кызматташуу жылынын расмий ачылышы, эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда 27-февраль күнү Кремльдин концерттик залында өтөт. 

Бул жылга арналган бир топ иш-чаралар январь айында эле башталган. Өткөн жуманын соңунда Россиянын соода-өнөр жай палатасында тегерек үстөлдө, орусиялык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Россиянын Соода өнөр-жай палатасында “Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү” атуу тегерек үстөл уюштурулду. Иш чара президент Сооронбай Жээнбековдун Москвага боло турган сапарын утурлай өткөрүлдү. 27-февралда Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак кызматташуу жылынын расмий ачылышына, эки өлкөнүн президенттери катышат.

Орусиялык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу айтып берди. Бугүнкү күндө, Кыргызстан менен Россиянын соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 миллиард 900 миллион долларды түзүп, Кытайдан кийинки экинчи орунда. Тегерек үстөлдүн катышуучуларынын айтымында, бул тармак боюнча өлкө өз мүмкүнчүлүгүн толук кандуу пайдалана элек. Ошондой болсо да, россиялык компаниялардын катышуусу менен бир топ долбоорлор ишке ашырылууда. Өлкө айыл чарбай продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнө, негизинен Россияга чыгарууга кызыкдар.

Иш чарага россиялык ишкерлерден тышкары, Россия жергесинде ишкерлик менен алектенген мекендештер да катышты. Алар өз кезегинде, Россиядан Кыргызстанга ири суммадагы акча которуудагы чектөөлөргө болгон тынчсызданууларын билдирди. Былтыр март айында Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда эки өлкөнүн Президенттери 2020-жылды Кыргызстанда Россия Федерациясынын жылы, ал эми Россияда Кыргызстандын жылы деп белгилөөнү макулдашкан. 

Өлкө башчылары эриш-аркак кызматташтык жылында эки мамлекеттин байланыштары жаңы деңгээлге чыгарын баса белгилеп келет. Бул жылга карата, маданий иш чаралар менен бирге 200дөн ашык ар тараптуу: аскердик техникалык, саясий, экономикалык, илимий, билим берүү, спорт жана башка тармактар боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Эске сала кетсек, Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын жыйынты менен 6 миллиард долларлык келишимдерге да кол коюлган. Алгачкы долбоорлор ишке аша баштады.

Новости по дате