
Сокулук: борбордук көчөдөгү тротуарларга качан көңүл бурулат?
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Сокулук районунун Сокулук айылынын Фрунзе көчөсүндөгү тротуарлардын кейиштүү абалын автор видеого тартып жөнөткөн. Автордун айтымында, бул көчөдө мамлекеттик имараттар жайгашкан, тротуардын кейпи ушундай.Баткактан, көлчүктөн өтө албай турган кары-картаңдарды көрөсүң. Көптөн бери кудуктун капкагы жок турат. Кечинде көрбөй түшүп кетсе эмне болот,- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.