http://www.ktrk.kg/Түштүк Кореяда коронавирусту жуктургандардын саны өсүүдө

Түштүк Кореяда коронавирусту жуктургандардын саны өсүүдө

28 Фев , 11:01 208

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Түштүк Кореяда коронавирустун COVID-2019 түрүн жуктурган дагы 256 учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору уюмунан билдиргенин РИА Новости жазды. 

Ал эми коронавирустун жаңы түрүн жуктургандардын жалпы саны 2 миң 22ге жетти. Буга чейин Түштүк Кореяда эпидемиологиялык коркунучтун деңгээли үчүнчү "сары" абалдан төртүнчү "кызыл" баскычка көтөрүлгөн. Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына ылайык, илдетти жуктурган жаңы 182 учур Тэгу шаарында катталган. 

Дагы 49 учур Кёнсан-Пукто провинциясында жана калгандары башка жерлерде аныкталган. Ушул учурга чейин Түштүк Кореяда илдеттен 13 адам көз жумду, 26 жаран айыкты жана 24 миң 715инин анализдери чыга элек.

Новости по дате