http://www.ktrk.kg/Ысык-Көл облусунда этнотуризм тармагына өзгөчө көңүл бурулууда

Ысык-Көл облусунда этнотуризм тармагына өзгөчө көңүл бурулууда

3 Март , 16:53 459

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунун түштүк жээгинде жайгашкан көпчүлүк айыл өкмөттөрү жана анда жашаган жеке ишкерлер этнотуризм тармагына көбүрөөк басым жасашат. Алсак былтыр ысык аптапта бир эле Тоң айылында кыркка жакын конок үйлөрү иштеп, жергиликтүү эс алуучулар менен катар чет элдик туристтер да басымдуулук кылган. Мындан улам айыл ичиндеги инфратүзүмдү жакшыртып, эс алуучуларга жакшы шарттарды түзүү үстүндө көбүрөөк иш жүрүүдө. Мындай аракеттери менен Тоң айыл аймагы облус боюнча мыкты айыл өкмөтү наамына татыды.

Былтыр Тоң айылына жакын жайгашкан, эл арасында "Кекилик" деп аталган көл жээгине күнүнө эки миңдей эс алуучу келип жатты. Бул учурда жөнөкөй эле шарттын жоктугу зээнди кейитти. Быйыл айыл өмөт эс алуучулар үчүн шарттарды түзүп, үч жүз унаага ылайыктуу токтотуучу жай салынууда. Мунун баары май айынан баштап эс алуучулар үчүн иштеп баштайт. 

Мындан сырткары, айылдын борборундагы бакча иретке келтирилди. Жеңиш паркы деп аталган жайда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин ысымдары жазылган. Келген коноктор үчүн түркүн түстөгү оргума иштеп, жогорку ылдамдыктагы интернет тартылган.

Аталган айыл туризм багытына басым жасоодо. Айыл ичинде отуз жети конок үйү жайкысын эс алуучуларды кабыл алат. Айыл ичиндеги бир чакырым жол толук оңдоп- түзөөдөн өткөн. Бул жол көл жээгине жакындап барат. Быйыл дагы бир чакырым жол жасалмакчы.

Айыл эли туризмден сырткары мал багып, жер айдап үй-бүлөлүк кирешесин толукташат. Дыйкандардын түйшүгүн жеңилдетүү максатында үч чакырымдан ашык жаңы суу каналы салынганы турат. Бул долбоорду май айына чейин ишке киргизүү мерчемделген.



Новости по дате