http://www.ktrk.kg/Кыргыз - Катар кызматташтыгы жанданууда

Кыргыз - Катар кызматташтыгы жанданууда

13 Март , 10:31 991

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүң жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тараптар үстүбүздөгү жылга карата эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланыштарды кеңейтүү боюнча орток пландарды белгилешти.

Катар тарап Кыргызстанда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант бөлүүгө, ошондой эле өлкөнүн экономикалык долбоорлорун инвестициялоого даярдыгын билдирди. Ал эми Президент Сооронбай Жээнбеков Катар мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Таниге эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн ыраазычылык айтты.

Новости по дате