http://www.ktrk.kg/Ош шаарынын ичинде такси жүрбөй калды

Ош шаарынын ичинде такси жүрбөй калды

24 Март , 15:40 445

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаарынын ичинде бүгүн, 24-марттан тарта, такси жүрбөй калды. Бул туурасында мэриянын атайын социалдык тармактагы баракчасында кабарланды. Мындай чечим жалпы эпидемиологиялык абалдан, коопсуздукту сактоо чараларынан улам кабыл алынган.

"Ош шаарында такси каттамдары токтотулат. Үйдөн чыкпашыңарды суранабыз", — деп айтылган элге жасалган кайрылууда.

Учурда Ош калаасында жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн эки каттамдагы троллейбус менен эки каттамдагы автобус иштеп жатат.

Ал эми 23-марттан тарта, Ош шаарына башка райондордон жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Новости по дате