http://www.ktrk.kg/Көзөмөл посттордун иштөө тартиби

Көзөмөл посттордун иштөө тартиби

26 Март , 22:50 384

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектеги өзгөчө абалга байланыштуу шаарга кирип чыккан жарандардын саны кескин азайды. Шаарды тегерете орнотулган блокпосттор күнү тунү иш алып барып, күч органдары менен дарыгерлер Бишкектин кире беришиндеги бардык кыймылды тескеп жатышат. Шаарга кирип келе жаткан транспорт каражаттарын жана жарандардын документин милиция текшерүүдө. Эгеркаттоосу борбор калаада болсо андан ары коё берилет, мындай талапка туура келбегендер кайра артка кайтарылууда.

Эгер жарандарда жаңы үлгүдөгү паспорт болсо, алар Бишкектен жашаган жери тууралуу маалымкат алышы керек. Анткени биометрикалык паспортто маалыматтар чипке жазылган. Шаарга кое берилген жарандарды даргерлер атайын текшерүүдөн өткөрүүдө. 

Блокпостто борбор калаага азык түлүк, дары дармек жана башка күнүмдүк тиричиликке керектүү оокаттарды ташып киргендерге чектөө жок. Бирок, унаа ээлеринде жүк бара турган дарек, убактысы жана товардын түрү тууралуу маалыматтар камтылган маалым кат болушу кажет. 

Бир көзөмөл постто төрт кызматтын 10го жакын кызматкерлери иш алып барууда. Алар дарыгерлер, аскерлер, милиция жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери. Иш убактысы эки нөөмөткө бөлүнгөндүктөн, бири иштегенде экинчи менен эс алат. Аларга блокпостко жанаша атайын чатыр тигилип, эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Медициналык кароодон өткөрүүчү бардык тиешелүү жабдыктар бар. Тамак аш аскер бөлүктөн келүүдө. Мындан сырткары көзөмөл өткөрмө бөлүктүн аскерлерине ыктыярдуу түрдө тамак ташып келип жаткандар да болууда. Мындай демилгени колго алгандардын бири Бишкек шаарынын тургуну Максат Абдишев. 

Блокпосттордогу көзөмөл бери дегенде үч жумага созулат. Борбор калаадагы өзгөчө абалдын убактысы 15-апрелге чейин деп белгиленген. Бул убакта жарандар жалпы эреже талаптарга баш ийип, дарыгерлердин жана күч органдарынын айткандарын аткарышы кажет. 


Новости по дате