http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда коронавирусту дагы 13 адам жуктуруп алды

Кыргызстанда коронавирусту дагы 13 адам жуктуруп алды

31 Март , 16:20 385

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады. Тилекке каршы Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 107 кишиге жетти. Коронавирус аныкталган бейтаптардын 58и аял, 49у эркек, алардын ичинен 15 жашка чейинки 11 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе бар. 31и улгайган адамдар.

Учурда обсервацияга 1592 адам жайгаштырылды. Жалпы жонунан 5638 адам обсервациялык байкоого алынган болсо анын ичинен үйдөн байкоого 3870 адам чыгарылды. Акыркы 2 күн ичинде жаңы аныкталган 23 кишинин төртөө гана сырттан келген. Калган 19у өз ара байланыштар аркылуу жуккан. Мындан улам дарыгерлер өлкө ичинде бири-бирине жуктургандар көп каттала баштаганын эскертүүдө. Ушул тапта өлкө боюнча дарыгерлер тобунан түзүлгөн 257 ыкчам топ иштеп жатат. Андан башка ушул тапта 180 дарыгер өз ыктыяры менен вирус чыккан аймактарга барып жардам берүүгө даяр экендиктерин билдирүүдө. Коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоого орундар жетиштүү. Оорулуулардын саны кескин өсүп кеткен учурга Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы даяр.

Касымбек Мамбетовдун айтуусуна караганда, илдеттин очогу катталган жерлерде иштеп жаткан медициналык кызматкерлердин арасынан COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандар жок. Ал эми вирусту аныктоочу ыкчам тесттердин саны өлкө боюнча жетиштүү. Учурда жер-жерлердеги баардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна жеткирилди. Дарыгерлер тест таякчалары пандемиянын жайылышын ооздуктоого жардам берет деп үмүт артууда.


Новости по дате