http://www.ktrk.kg/Бүгүн өлкөдө СOVID-19 вирусуна чалдыккан 14 жаӊы учур катталды

Бүгүн өлкөдө СOVID-19 вирусуна чалдыккан 14 жаӊы учур катталды

4 Апр , 14:32 931

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

4-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктурган дагы 14 учур катталды. Алардын тогузу медицина кызматкерлери-деди Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов. Коронавирус жуктургандардын ичинен 6 адам реанимацияда жатат. Ошондо Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 144 кишиге жетти.



Ал эми, Баткенде коронавирус менен ооруканага жаткарылган бир аял сакайып чыкты. Кайталап алынган анализдин жыйытыгында бейтаптан коронавирус аныкталган эмес.



Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей 4-апрелде Республикалык жугуштуу ооруулар ооруканасы менен Аксы аймактык ооруканасында короновирус жуктуруп алып дарыланып жаткан дагы үч бейтап ооруканадан чыкты. Дарыгерлердин айтымында бейтаптардын абалы туруктуу, кайталап алынган анализдердин жыйынтыгында алардан коронавирус чыккан эмес. Ошондо коронавирустан сакайып кеткендердин саны Кыргызстанда тогузга жетти.




Новости по дате