http://www.ktrk.kg/Өлкө аймагында коменданттык саатты бузган 159 жаран кармалды

Өлкө аймагында коменданттык саатты бузган 159 жаран кармалды

4 Апр , 13:32 308

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

4-апрелге карата коменданттык саатты бузган 159 жаран кармалды. Өлкө аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде, же кечки саат сегизден эртең мененки жетиге чейин жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 159 жаран жеткирилип, 9 унаа атайын жайларга токтотулду. 

Алардын ичинен, Бишкек шаары боюнча - 150, Ош шаары боюнча- 4, Жалал-Абад шаары - 1,Сузак районунда - 4, Кара-Суу районунда- 1 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок. 

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 1765 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу аркылуу кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен чыгарылды. 

“Өзгөчө абал жөнүндө” мыйзамдын 26-беренесинде каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик кайгуул тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат, ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгы дагы бир жолу эскертилет. 

ИИМ жарандардан өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоого жана зарыл иштери жок болсо үйдө калууларын суранат. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.


Новости по дате