
Евразиялык Экономикалык Кеңешинин мүчөлөрү видеоконференция форматында жыйын өткөрөт
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жумуш жыйынына катышат.
Беларусь Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү жумушчу жолугушуусунда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана Евразия экономикалык бирлигинде экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу маселелери талкууланат.
Эске салсак, Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин мүчөлөрү – Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын Президенти Владимир Путин, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян.