http://www.ktrk.kg/COVID-19: жаңы 21 учур катталды, 21 бейтап айыгып чыкты

COVID-19: жаңы 21 учур катталды, 21 бейтап айыгып чыкты

17 Май , 11:21 260

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

17-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 21 жаӊы учур катталды.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

 

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 138 адамга жетти. Сутка ичинде Бишкек шаары - 2+10 Санкт-Петербург шаарынан келгендерден чыкты, Чүй облусу - 3, Нарын облусу - 6.

Бир сутка ичинде 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бишкек шаары – 11, Нарын облусу - 3, Ош шаары - 2, Ош облусу - 2, Баткен облусу - 3. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 804 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 4 медкызматкер сакайып чыкты. 

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 251 учур катталды, алардын ичинен 204 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты. 

Новости по дате