http://www.ktrk.kg/Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктады

17 Май , 16:14 470

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, каалоо-тилектерин билдирди. 

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы биргеликтеги чараларды талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн жарандарын өз мекендерине биргелешип кайтаруу маселеси козголду. Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Казакстан территориясы аркылуу транзит менен алып келүүдө көрсөтүлүп жаткан көмөккө ыраазычылык билдирди.


Новости по дате