http://www.ktrk.kg/Коронавирус менен күрөшүү  үчүн ачылган атайын эсепке 137 млн 798143 сом чогулду

Коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 137 млн 798143 сом чогулду

18 Май , 10:39 230

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавирус менен күрөшүүдөгү иш-чараларды каржылоо үчүн ачылган атайын эсепке 137 млн 798 143 сом чогулду. Эсеп Саламаттык сактоо министрлигинде ачылган. 

Түшкөн каражаттын 79 миллион 817 миң 874 сому керектелди. Чогулган каражатты Республикалык штабдын алдындагы help.covid.kg сайтынан кенен билүүгө болот. 

Жардам иретинде акча которууну каалагандар үчүн дагы эсептин реквизиттери жазылган.Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун депозиттик эсебинен 244 саламаттык сактоо уюмдарынын депозиттик эсебине 105,4 миллион сом каражат которулганы айтылган. 

Бул акча апрелде эпидемия очогунда иш алып барган медиктерге айлыгынан сырткары кошумча акы болуп төлөнөт.

Новости по дате