http://www.ktrk.kg/Бишкекте жалпы 348 адам коронавируска чалдыккан

Бишкекте жалпы 348 адам коронавируска чалдыккан

23 Май , 12:28 160

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарында коронавирус катталгандан бери жалпы 348 адам илдетти жуктуруп алган. Анын ичинен 90у медицина, 43ү милиция кызматкери. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди. Анын айтымында, коронавирус жуктурган 348 адам менен 727 киши байланышта болгон. Учурда үй карантининин убактысы бүтүп, анализдери таза чыккандыктан 307 киши көзөмөлдөн чыгарылган. 

Бүгүнкү күнү Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан 246 адам айыгып чыкты. Статистика боюнча шаардагы коронавируска чалдыккан адамдардын 102си Ленин районунда, Октябрь районунда 71 киши, Биринчи май районунда 56 жана 43 адам Свердлов районунда жашайт. Ошондой эле үй карантининде жаткан жарандарды көзөмөлдөө үчүн 20 көчмө бригада иштеп жатканын билдирди.


Новости по дате