http://www.ktrk.kg/Өлкөдө  "Бактылуу балалык" онлайн жумалыгы башталды

Өлкөдө "Бактылуу балалык" онлайн жумалыгы башталды

27 Май , 20:40 538

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдө бүгүндөн тарта "Бактылуу балалык" онлайн жумалыгы башталды. Балдарды колдоо жылынын алкагында өтүп жаткан саамалык социалдык тармактар аркылуу чагылдырылат. Мындай аракет жаш муунга руханий азык тартуулоого багытталып, балдарды ар тараптан шыктандырууну көздөйт. 


Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдан улам, тыюу салынган иш-чаралардын катарында балдар үчүн уюштурулган саамалыктар да бар. Бирок ага карабай, бир катары онлайн түрдө өтүп жатат. Республика боюнча "Бактылуу балалык" онлайн жумалыгы жарыяланып,анын алгачкы күнүнө акындар чогулган. Алар өздөрүнүн ыр саптары аркылуу балдарга болгон сүйүү, мээрим тартуулоого аракет кылышты.


Акындар балдардын руханий дүйнөсүн байытып, аларга келечекке болгон умтулууну жана жашоого болгон арзууну артыруу маданият тармагынын өкүлдөрүнүн милдети экенин айтат. Мындайда өнөр адамдары жараткан эмгектер мисал болот.


Жарыяланган жумалыктын алкагында бүгүн поэзия кечесинин күнү. Анын жүрүшүндө сүрөт, тартылган тасмалардын сынактары, ырдоо жана аспаптарда ойноо өнөрлөрү көрсөтүлөт. Жеңүүчүлөр түрдүү кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болот.


Новости по дате