http://www.ktrk.kg/Сайдын жанындагы таштанды төгүүчү жай - Кыргызстан жаңылыктары

Сайдын жанындагы таштанды төгүүчү жай - Кыргызстан жаңылыктары

2 Июнь , 10:39 556

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл өкмөтүндө таштанды төгүүчү жай жок,- деген автор "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. Видеодон көрүп тургандай эле, бул жерде күнүмдүк тиричиликтен чыккан таштандыдан сырткары малдын өлүктөрүн дагы көрсө болот. Курттап кеткен мал-жандыктарын ит-мышык тытмалап жатканын айткан жергиликтүү тургун анан кантип оорулар жукпасын деп ачууланган. Таштылар эл жашаган конуштан 3-4 метр алыскта эле жайгашкан. Жанында сайдын суусу агат. Бийликтергилер бул маселени чечип, таштанды төгүүчү жайды айылдын четине көчүрүп берсе,- деген автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.




Новости по дате