http://www.ktrk.kg/Бишкек шаардык сотунда мурдагы мэрлердин иши каралды - Кыргызстан жаңылыктары

Бишкек шаардык сотунда мурдагы мэрлердин иши каралды - Кыргызстан жаңылыктары

4 Июнь , 9:31 1400

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаардык сотунда мурдагы эки мэр баштаган адамдардын кылмыш иши каралып жатат. Кезектеги отурумда Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов суралып бүтүп, иштин материалдарын изилдөө аяктады. Бөлүнгөн убакыт аяктаганына байланыштуу сот отуруму 10-июнга жылдырылды. 

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 23-декабрында Бишкектин Ленин райондук соту Ибраимовду 15 жылга кесип, Кулматовду 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирип, абактан үй камагына бошоткон. Калган айыпталуучуларга дагы айып пул салынып, сот залынан бошотулган. Өкүмгө нааразы эки тарап тең шаардык сотко апелляциялык арыз жазып, ишти экинчи инстанциядагы сот карап жатат.

Новости по дате