http://www.ktrk.kg/Бүгүн 38 бейтап коронавирустан айыгып үйүнө чыгарылды - Кыргызстан жаңылыктары

Бүгүн 38 бейтап коронавирустан айыгып үйүнө чыгарылды - Кыргызстан жаңылыктары

4 Июнь , 22:48 161

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн 38 бейтап ковид-19дан айыгып үйүнө чыгарылды. Алардын бардыгынан кайталап анализ алынган. Ал эми дарыгерлер сакайып чыккан бейтаптарга үй шартындагы карантиндин эрежелерин так сактап, ден соолукка кам көрүүнү эскертет.

Дене табы көтөрүлүп, баш оору менен коштолгон жөтөлдү башынан кечирген 7 бейтап бүгүн Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынан үйүнө чыгарылды. Алардын арасында бир медициналык кызматкер бар.

Мындай оң тенденция Нарын облусунда да байкалууда. Нарын облустук ооруканада коронавирустан 242 бейтап дарыланган болсо, бүгүнкү күндө анын 111и айыгып чыккан, ал эми 131и дарыланууну улантууда.

Муну менен бирге Ак-Талаа райондук ооруканасынан 8, Кочкор аймактык ооруканасынан 4 адам ковид илдетинен сакайып чыкты. Эми алар үйдө санитардык эрежелерди так сактап, дагы 14 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат. Аларга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери көз салып турат.




Новости по дате