http://www.ktrk.kg/Мектеп китепканасы эмне себептен менчик үйгө өтүп кеткен? - Кыргызстан жаңылыктары

Мектеп китепканасы эмне себептен менчик үйгө өтүп кеткен? - Кыргызстан жаңылыктары

5 Июнь , 14:36 361

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөтүнүн Тегизчил айылында мектепке тиешелүү китепкана кандайдыр бир себептер менен менчик үйгө өтүп кеткен. Ошол себептен көчөнүн бир канча тилкесин үйгө караштуу кылып бөлүп берип коюшкан. Архитектурага кайрылсак, көчө боюнча турат. Бирок, башка мекемелерден эч кандай кабар ала албай жатабыз. Мүмкүн болсо, тийиштүү органдарга кайрылып, көчөнү ачтырып берсеңиздер элге жакшы болот эле,- дейт аталган айылдын тургуну "Элдик репортерго" кайрылган. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.




Новости по дате