http://www.ktrk.kg/Ак-Шыйрак айылында таза суу көйгөйү качан чечилет? - Кыргызстан жаңылыктары

Ак-Шыйрак айылында таза суу көйгөйү качан чечилет? - Кыргызстан жаңылыктары

16 Июнь , 14:58 492

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак айылында таза суу жок, тургундар азап чегүүдө. Бул видео майдын башында тартылган, мынтип таза сууга жетпей канча жылдан бери түйшүк тартып келебиз. Тоолуу аймак болгондуктан түнкүсүн суубуз тонуп калат, чыгара албай, музду ээрите албай убара тартабыз. Бул айыл боюнча ушул эле жерде суу чыгат. Кезек туруп суу алабыз. Жергиликтүү бийлик таза суу маселебизди чечип берсе жакшы болмок дейт,- "Элдик репортерго" видео жөнөткөн окурман. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате