http://www.ktrk.kg/Ош: милиция кызматкерлерин кабыл алууда Бирдиктүү терезе иштеп баштады

Ош: милиция кызматкерлерин кабыл алууда Бирдиктүү терезе иштеп баштады

23 Июнь 2020 , 13:48 1026

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ошто милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө кызматкерлерди кабыл алууда Бирдиктүү терезе иштеп баштады. 

Ачык терезе кызматы Ош шаардык мэриянын кеңсесинде жайгашкан. Бирдиктүү кызмат көрсөтүү аркылуу адам факторун азайтуу менен коррупциянын алдын алуу, сынактын ачык айкындуулугун камсыздоого багытталган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиевдин айтымында, реформанын алкагында ишке ашырылып жаткан жаңы кызматтын артыкчылыгы бул тармакка таза кызматкерлерди кабыл алууда болуп саналат. 219 бош орунга жарыяланган ачык сынакка 19дан 35 жашка чейинки каалаган жарандар катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. 5 этаптан турган кабыл алуу 5-июлда жыйынтыкталат. 

Белгилей кетүүчү жагдай, 1-этаптан өтпөй калган талапкер кийинки этаптарга катышуу укугунан четтетилет. Ийгиликтүү тапшыргандар 3 айлык атайын окууга жиберилет. Шаар тургундары кайгуулчулардын кызматын ноябрдан тарта пайдалана баштайт. Пилоттук долбоор буга чейин Бишкек шаарынын аймагында ишке ашырылган. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана мыйзам бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө аталган кызмат жакшы натыйжасын берүүдө.



Новости по дате