http://www.ktrk.kg/Бишкекте бет кап чыгара турган цех ишке кирди - Кыргызстан жаңылыктары

Бишкекте бет кап чыгара турган цех ишке кирди - Кыргызстан жаңылыктары

24 Июнь 2020 , 14:37 1709

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Эркин экономикалык аймагында бет кап чыгара турган цех ишке кирди. 

Бул ишкана күнүнө 50 миң, ал эми айына 1 жарым миллион даана бет кап чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Өндүрүштүн ачылыш аземине вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана тиешелүү тармактардын жетекчилери катышты. Цехти иштеткен ишкерлердин айтымында, бет кап чыгаруучу өндүрүш ЕАЭБ өлкөлөрүнүн техникалык талаптарына жооп бере турган продукция өндүрөт.

Бул жайда 25 жумуш оруну түзүлдү. Бет кап чыгаруу жумуштары менен таанышып чыккан Вице-премьер-министр өкмөт ата мекендик өндүрүүчүлөр колдоого алынаарын билдирди.


Новости по дате