http://www.ktrk.kg/Россия  Кыргызстанга жалпы суммасы 50 млн рублдан ашык  болгон гуманитардык жардам көрсөттү

Россия Кыргызстанга жалпы суммасы 50 млн рублдан ашык болгон гуманитардык жардам көрсөттү

3 Авг , 9:05 323

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кечээ, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы расмий сүйлөшүүнүн натыйжасында Чечен Республикасы тарабынан жалпы суммасы 51 млн 41 917 рублга барабар болгон кайтарымсыз жардам жиберилди. 



Гуманитардык жардам бүгүн кыргыз-казак чек арасынын “Ак Тилек” өткөрмө посту аркылуу Кыргызстанга киргизилген жана тийиштүү процедуралар өткөрүлгөндөн кийин КР Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кампасына түшүрүлөт. 



Россиянын  “Фармстандарт” ачык акционердик коому КР Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам катары: 

коргоочу кобинезондор - 24 100 даана;

үч кабаттуу беткап - 24 729 даана;

полимердик материалдан жасалган көз айнек - 5248 даана;

бет калкандар - 10 649 даана жана  башка медицина тармагына муктаж болгон каражаттар. 

Новости по дате