http://www.ktrk.kg/Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму коронавирус пандемиясы дагы көпкө чейин созула турганын билдирди

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму коронавирус пандемиясы дагы көпкө чейин созула турганын билдирди

3 Авг , 10:21 672

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун чукул комитети коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу ишемби күнү ыкчам жыйын өткөрдү. Жыйында эксперттер коронавирус пандемиясы дагы көпкө чейин созула турганы билдирген. Натыйжада ал комитет пандемия - дагы деле эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал бойдон кала берет деген тыянак чыгарган. 

"Көп өлкөлөр эң оор күндөрдү артка калтырдык деп эсептешкен, бирок учурда жаңы толкуну менен күрөшүүдө. Алардын айрымдарында биринчи жумада жуктургандар аз катталса, азыр жаңы учурлардын жана өлгөндөрдүн саны өсүп жатат. Ал эми бир заматта оору жайылып кеткен өлкөлөр көзөмөлгө алышты", — деп билдирүү жасаган ДССУнун башкы директору Тедрос Гебрейесус. 

Чукул комитет мамлекеттерге коронавирус пандемиясын ооздуктоо иштерин тыным алдырбай улантууну сунуштаган. Ошону менен катар бардык иликтөөлөрдү колдоого, анын ичинде каржылык жактан да кол кабыш кылууга үндөгөн. Ал эми диагностика жана вакцина каражаттарын адилеттүү түрдө бөлүштүрүү үчүн бардык күчтөрдү бириктирүүгө чакырган. Эксперттер дагы үч айдан кийин чогулуп, пандемия кырдаалына баа берет.









Флаги блока:

На монтаж -- 0Смонтирован -- 0

Носители:


Новости по дате