http://www.ktrk.kg/Ымыркайга энесинин сүтү аркылуу Covid-19 жугабы?

Ымыркайга энесинин сүтү аркылуу Covid-19 жугабы?

4 Авг , 16:45 951

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган бул вирустан азыркы учурда бардык өлкө жабыркап, оор бойдон калып келет. Анын тегерегинде дагы бир топ көйгөй, ар тараптуу суроолор да жаралбай койгон жок. Анын сыңары бул нерсе ата-энелерди да тынчсыздантып жаткан учуру. Дегеле балдарды кантип коргош керек? Аларга  кандай кам көрүү зарыл? Эмизүү аркылуу наристеге вирустун жугуп калышы мүмкүнбү? Же жугуу коркунчу канчалык? - деген суроолор да түйшөлтүп жатат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму балдарды эне сүтү менен эмизүүгө чакырууда ошол эле учурда азыркы шартта эмизүүнүн кереги  барбы? Эне сүтү коронавирустан сактайбы же эмизүү аркылуу балага оору жуктуруп алуу мүмкүнбү? Бул суроого “Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ымыркайлар жана ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы Сагын Абдувалиева жооп берди.

- Азыркы учурда  бул тууралуу аябай көп изилдөөлөр жүрүп жатат: Германияда, Оренбургда ошол эле эң биринчи Кытайдын Ухань шаарында эле  жүргүзүлгөн. Бирок бул изилдөөлөр боюнча азырынча так маалымат жок.

Буга чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө эне сүтүндө вирус бар экени айтыла элек болчу. Бирок ошого карабай Германияда жүргүзулгөн изилдөөдө эне сүтүндө вирус бар экени айтылып жатат. Буга сиздин адис катары оюнуз кандай?

- Биз бул бир-эки изилдөөлөр боюнча айта албайбыз. Ал үчүн ал маалымат такталыш керек. Мисалы, 500 изилдөө болсо, анын 200үн карайт. Ошол 200 аялдан чыкса анан айтыш керек. Ага чейин биз айта албайбыз.

Эмчек эмизип жаткан учурда энеси коронавирус жуктуруп алса балага жугабы?

- Бул суроолорду абдан көп берип жатышат. Бардыгы эненин саламаттыгына байланыштуу. Эгерде үй бүлө ичинде ооругандар болсо абайлап, этияттык мамиле кылыш керек. Азыркы учурда биз билебиз ар кандай абалда өтүп жатат. Эң негизгиси ымыркайга оору үй-бүлөдөн жугат. Анткени бала төрөтканадан чыгып кеткенден кийин ооруган туугандарынан жугат. Себеби баланы алар карайт.

Эненин сүтү баланы коргой алабы?

-Эне менен баланын клеткасы бир эле. Эненин сүтү ошол эле клетка, кайра эле балага берилет. Кошумча тамак бергенде деле уйдун сүтү ал адамдыкы эмес да. Эмнеге эненин сүтү пайдалуу? Себеби апасынын боюнда бар кезинде кандай оору менен ооруган болсо анын баары балага ошол оорууларга каршы коргоо заттар берилет. Эненин сүтү 6 айга чейин сөзсүз зарыл болуп эсептелинет. Эң негизгиси эне боюнда бар кезинде алкоголдук ичимдиктеринен жана ар кандай ызы-чуулардан алыс болсо, баласы көп оорубайт.

Новости по дате