http://www.ktrk.kg/Боронов: Коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоо үчүн күзгө карата 11 оорукана даярдалат

Боронов: Коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоо үчүн күзгө карата 11 оорукана даярдалат

5 Авг , 22:08 299

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоо үчүн күзгө карата 11 оорукана даярдалат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Өкмөт башчы учурдагы кырдаалды эске алуу менен аткаруу бийлиги 2020-жылдагы ишинин негизги 5 багытын аныктаганын айтты. Алар: ден соолукту коргоо жана адам өмүрүн сактоо, калктын социалдык аярлуу катмарын колдоо, билим берүү чөйрөсүнө окутуунун коопсуз формаларын киргизүү, экономиканын туруктуулугун камсыз кылуу жана бизнести колдоо.


Новости по дате