http://www.ktrk.kg/Бүгүнкү күндө коронавируска каршы 200дөн ашуун вакцина иштелип жатат

Бүгүнкү күндө коронавируска каршы 200дөн ашуун вакцина иштелип жатат

7 Авг , 16:55 445

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүнкү күндө коронавируска каршы 200дөн ашуун вакцина иштелип жатат. Анын ичинен 6 вакцина потенциалдуу вакцина катары клиникалык сыноодон өтүп жатат. Мындай маалыматты Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун директору Тедрос Аданом Гебреисус АКШнын Аспен шаарында өткөн онлайн-талкууда билдирген. 

"Бизде 200дөн ашуун вакцина коронавируска каршы күрөшүү үчүн изилденип жатат. Алардын ичинен 6 вакцина жакшы жыйынтык көрсөтүп, клиникалык сыноодон өтүүдө", - деген ал. 

Ошондой эле ал вакцина бардыгына жеткиликтүү болушун камсыздоого көңүл буруу зарылчылыгын кошумчалаган.


Новости по дате