http://www.ktrk.kg/Артур Цветков мекендешибиз Манап Абдырасаковдон кечирим сурады

Артур Цветков мекендешибиз Манап Абдырасаковдон кечирим сурады

13 Авг , 20:36 375

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Урушкан жарашат. Тартышкан тараптар кечиришти. Алып баруучу Артур Цветков биринчи болуп мекендешибиз Манап Абдырасаковдон кечирим сурады. 

Москва шаарындагы тез тамактануучу жайлардын бириндеги уруш тууралуу маалымат кечээ социалдык тармактарда тарап, талкуу жаратты. Окуяны Манаптын кесиптеши Бахнора уюлдук телефонго тартып калууга үлгүргөн. Анда көрүнүп тургандай, тамактануучу жайда иштеген мекендештер, келген кардарларга бет кап кийүүсүн суранган. 

Алар алып баруучу Артур Цветков орой түрдө тамактануучу жайдын менеджерин чакыруусун талап кылат. Андан ары тартыш депортациялоо боюнча коркуткан сөздөрдү айткан. Манап Артурдун бул кылыгына жооп кайтарган. Бул окуя коомдо ар кандай талкууга жем таштады. Элчинин тапшырмасы менен окуя болгон жерге дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери, миграция кызматы жана Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү барды. Жолугушуу бүгүнкүгө белгиленген. Артур юрист жана жан сакчылары менен келди. Бир сааттык баарлашуудан кийин, тараптар бирин-бири кечиришти.


Новости по дате