http://www.ktrk.kg/COVID-19: "400дөй наристе илдетти жуктуруп алган",- Камчыбек Узакбаев

COVID-19: "400дөй наристе илдетти жуктуруп алган",- Камчыбек Узакбаев

14 Авг , 12:19 3872

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүндө вирусту жуктуруп алуу тобокелдиги жогору экендиги жана инфекциянын андан ары жайылышынын булагы болушу мүмкүн экендигин көрсөттү. Балдар менен жаштарда COVID-19дун оор түрүн жуктуруп алуу коркунучу азыраак, бирок, оорунун оор учурлары болушу мүмкүн. Мындай изилдөөлөр Кытайдын төрт ооруканасында жүргүзүлгөн. Буга чейин орус окумуштуулары дагы коронавирусту балдар жеңил өткөрөөрүн, ошол эле узак  убакыт бою  вирусту активдүү алып жүрүүчү болуп саналарын жарыялашкан.  Балдарда коронавирус кандай белгилер менен коштолот, алар вирусту жеңил көтөрөбү, алар үчүн канчалык коопту? Бул суроолорго “Эне жана баланы коргоо” уюмунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев жооп берет.

Азыркы күндө балдарда оору кандай өтүп жатат жана окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы чоңдорго караганда өспүрүмдөр ооруну жеңил өткөрөт деген тыянактар чыкты. Эмне себептен мындай болот?

-Мен дайыма айтып келем, бул вирус адамдын жашын сурап, ооруну пайда кылбайт. Бүгүнкү күндө балдардын арасында оорунун санынын аздыгы текшерилбегендиктен да болушу мүмкүн. Ошол эле учурда балдардын арасындагы оорунун симптомдору жок, жеңил өтүп кетиши дагы бир себеби болушу мүмкүн. Ошондуктан балдардын арасында бул оору аз жүрүп жатат деген ойлор туура эмес. Биздин өлкөдө коронавирус менен 400дөй бала ооруду, анализдеринин баары такталган. Рентгенден пневмония болгон балдар, ал эми, балдардын арасында 80-85% жеңил өттү, булар каттоодон өтпөй калган себептен улам. Ошол ооруган балдар башкаларга жуктуруп, вирусту алып жүрүүчү болуп калышы мүмкүн.

Ал эми ооруп калган балдардагы симптомдор: мурдунан суу агуу, шалдыроо, чүчкүрүү, жөтөл же кургак жөтөл, булчуңдары ооруп калышы, башы оорушу, ичи өткөк болушу мүмкүн. Мына ушул оорулар күчөп кетиши мүмкүн.

Сиз 400дөй бала ооруп чыкты деп айтып жатасыз. Алардын канчоосу айыгып чыкты жана ооруну кандай көтөрүштү?

-Бүгүнкү күндө бул балдардын ичинен 375 бала айыгып, ооруканадан чыгышты, калгандары доктурдун көзөмөлүндө дарыланып жатышат. Тилекке каршы бир кичинекей наристени жоготуп алдык. Булардын 85%га жакыны жеңил түрү менен ооруп жатат, калган 15%да өпкөсүнө өтүп кетип, суук тийип пневмония болуп калгандары бар. Алардын ичинен биринчи баскычтагы ооругандар көбүрөөк, калган 5% гана өтүшүп, пневмония болуп калгандар бар. Мен айтып кетет элем, өздөрү дарыланбай сөзсүз түрдө ооруканага кайрылышса деп.

Новости по дате