http://www.ktrk.kg/COVID-19: Өкмөттүк жыйында илдеттин экинчи толкунуна карата даярдыктар талкууланды

COVID-19: Өкмөттүк жыйында илдеттин экинчи толкунуна карата даярдыктар талкууланды

14 Авг 2020 , 17:10 871

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөттүк жыйында Ковид-19 илдетинин экинчи толкунуна карата даярдык көрүү, медициналык дары-дармектер менен камсыздоо жана дарыгерлерге убагында шарт түзүү иштери да талкууланды. 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери вирус эндемикалык мүнөзгө өтүп, таптакыр жок болбошун белгилеп жатышат. Буга карата Саламаттык сактоо тармагында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштейт. 

Бул арада өкмөт медицина тармагындагы материалдык техникалык базаны чыңдоого басым жасай турганын билдирди. Аны менен катар медицина кызматкерлери 4 маселеге милдеттүү түрдө өзгөчө көңүл бурууга милдеттендирилди. Алар профилактика алдын алуу, диагностика дартты аныктоо, дарылоо жана калыбына келтирүү иштери. Булардын аткарылышына ар бир аймактагы жетекчилер жооптуу болушат. Жаңы оору жуктургандардын саны азайбай жаткандыктан дагы деле санитардык нормаларды сактоо талабы катуу экенин эскертти.


Новости по дате