http://www.ktrk.kg/Жөө адамды сүзүп, изин жашырган айдоочу кармалды - Кыргызстан жаңылыктары

Жөө адамды сүзүп, изин жашырган айдоочу кармалды - Кыргызстан жаңылыктары

18 Авг 2020 , 13:09 609

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте жөө адамды сүзүп кетип, окуя болгон жерден изин жашырган айдоочу кармалды. Изин жашырган айдоочу ким экени аныкталганын милициянын кайгуул кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай 17-августа болжол менен түнкү саат бирде Ч. Айтматов проспектисиндеги Шампанвинкомбинатынын алдында белгисиз айдоочу жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. 

Жол кырсыгынан 30-35 жаштагы аял катуу жаракат алып каза болгон. Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери “Тойота Эстима” унаасынын 23 жаштагы айдоочусун кармап, шаардык ички иштер башкы башкармалыгына өткөрүп беришкен. Унаа айып төлөтө турган аянтчага киргизилген.

Новости по дате