http://www.ktrk.kg/Өлкө боюнча жааган жаандан улам айрым аймактарды сел суулары каптап, унаа жолдор жабыркады

Өлкө боюнча жааган жаандан улам айрым аймактарды сел суулары каптап, унаа жолдор жабыркады

19 Авг 2020 , 9:49 942

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кечээ, 18-август күнү жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулар Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 63-чакырымын каптап, кум шагылга толтуруп салгандыктан учурда унаа жол жабык. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн тазалоо иштери бүгүн да улантылат.

Өлкө боюнча жааган жаандан улам Нарын облусу Кочкор районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 263-чакырымында тоо боорунан сел суулары каптап, унаа жолду кум шагылга толтурган. Унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралып, тартылган техниканын жардамында унаа жол толук тазаланып, учурда жол ачык.

Ушундай эле көрүнүш Жумгал районунда да катталып, Кызыл-Жылдыз айыл аймагында жайгашкан Чолок-Терек жана Шамалдуу-Колот тилкелеринде сел жүрүп 2 га чөп жана 4 га арпа, буудай айдалган жер аянттарын каптаган. Мындан сырткары Райондук суу чарба башкармалыгына тиешелүү лотокторунун 350 метр аралыгы кум, шагылга толтурган. Тазалоо иштери өз убагында аткарылууда. 

Ал эми Баткен облусунун Баткен районунда да Дара айыл аймагында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген суулар Сох-Кан-Зардалы унаа жолунун 70-чакырымын кум шагылга толтуруп, унаа жол жабылган. Тазалоо иш-чаралары бүгүн тиешелүү кызмат тарабынан жүргүзүлөт.

Новости по дате