http://www.ktrk.kg/"Кумтөрдөгү" коррупция

"Кумтөрдөгү" коррупция

12 Июнь 2016 , 22:28 2560

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн Бишкекте мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов кайрадан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалды. Ал бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо боюнча буга чейин козголгон кылмыш ишинин негизинде, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кармалган.   Аны менен катар Дастан Сарыгулов Кыргызалтынды жетектеп турганда “Кумтөр” долбоору боюнча бир катар коррупциялык иштерге кириптер болгон деп шектелүүдө. 

Дастан Сарыгулов учурда Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында жатат. Ал бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо боюнча буга чейин козголгон кылмыш ишинин негизинде, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кармалган. Дастан Сарыгулов быйыл жазында өзүнүн санаалаштары менен бийликти басып алып, андан соң кызматтарды кандай бөлүштүрүү боюнча план түзгөн сүйлөшүүлөрү интернетке жарыяланып, 28-мартта кармалган. 
Сарыгулов Дастан Исламович- 1947-жылы Талас облусунда туулган. 
1990-92-жылдары Талас облусунун губернатору кызматын ээлеп турган. 
1992-жылдын октябрынан тартып 1999-жылдын июлуна чейин “Кыргызалтын” мамлекеттик концернинин президенти, “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруу боюнча куратор. 
2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы кызматын аркалаган.
 Дастан Сарыгулов бийликти басып алуу ишинен сырткары, мына ошол Кыргызалтынды жетектеп турган учурунда “Кумтөр” долбоорунда орун алган коррупциялык иштер боюнча суракка алынышы мүмкүн. 
Жаны жагдайлардын ачылышына байланыштуу Дастан Сарыгулов УКМКга шектуу катары камалды. Белгилей кетсек, Кумтор боюнча Хоменюктун арызы да каралып жатат. 
Дастан Сарыгулов Кыргызалтынды башкарып турганда бир катар коррупциялык аракеттерге кириптер болгонун “Кумөр”, “Камеко” жана “Центерра Голд ИНК” компанияларынын экс-президенти Леонардо Хоменюк билдирип, өлкөнүн башкы прокуроруна атайын кат жолдогон. 
 “Centerra Gold Inc” компаниясынын экс-президенти Л.Хоменюктун Кыргызалтындын мурдагы жетекчилери Д.Сарыгулов жана К.Кудайбергеновдордун ишмердигиндеги коррупциялык фактылар боюнча берген көрсөтмөсү 

"Урматтуу И.Жолдубаева айым. 

Менин "Кумтөр Оперейтинг Компани" (КОК) жана "Камеко Голд" Корпорациясында иштеген убактымдын учурунда "Кыргызалтын" Мамлекеттик концернинен жана башка мамлекеттик органдардан, президенттик Администрациядан жана президенттин үй-бүлөсүнүн, анын жакындарынын жетекчилиги астында турган органдардан жылына бир нече жолу ар кандай өтүнүчтөрдү алып турганбыз. Анда ар кандай каржылык төлөмдөр ар кайсы максаттарга, мисалы саясий шайлоолор, каржы министрлигине кошумча (пландалбаган) төлөмдөр, ар кандай мамлекеттик жана облустук фонддорду колдоо деген көрсөтмөлөр менен келчү. Мындай талаптар кээде өтө чоң сумманы - 200 миң доллардан ашык каражатты камтып, белгиленген айда төлөп беришибиз керек болгон. 

Дастан Сарыгулов жана Камчыбек Кудайбергенов мындай өтүнүчтөрдү дайым президенттик администрациянын басымы менен түшүндүрүшчү. Мындан сырткары, ири көлөмдөгү төлөмдөрдү "Камеко" жана КОК тарабынан экс-президент Аскар Акаевдин аялы Майрам Акаеванын жетекчилигинде турган "Мээрим" эл аралык кайрымдуулук фондуна которуу чечимдери кабыл алынган. 

Албетте, «Камеко» жана КОКтун Кыргыз Республикасындагы ар кайсы уюмдарына болгон төлөмдөрү бир далай болгон. Компания ар дайым кандайдыр бир басым, талаптарга дуушар болуп келген. Бирок ишкана "Кумтөр" долбоорун үзгүлтүксүз иштетип, кыргыз бийлигинин көптөгөн басымдарынын астында өз аракетин улантып келди. Өз кезегинде «Камеко» жана КОК мыйзамдуу түрдө төлөгөн каражаттары Кыргыз Республикасында, анын ичинен "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасы тарабынан максатсыз пайдаланылып, башка кызыкчылыктар үчүн жумшалып кеткен". 

6-июнь, 2016-ж. 


  Леонардо Хоменюк канадалык компанияны 1992-жылдан 2008-жылга чейин башкарып турган. Андыктан Акаев, Бакиевдердин убагында- 94 жана 2003-жылдагы кыргыз тараптын кызыкчылыгына каршы келишимдердин бардыгына кол койгон. 2014-жылы ага өлкөнүн тышкы иштер министрлиги аркылуу эл аралык издөө жарыяланып, 2015-жылы Болгарияда кармалган. Серепчилер Кумтөрдүн айланасындагы акыркы окуяларды эске алганда, Хоменюктун билдирүүлөрү чындыкка жакын деп эсептешет. 
Атайын кызматтар Кумтөрдүн тегерегиндеги иштерди териштирүүгө азыр да тоскоолдуктар болуп жатканын билдиришүүдө. Тергөө буга чейин мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин тегерегиндегилердин бир катар каршылыктарына дуушар болгон. Ошондуктан быйыл март айында бийликти басып алуу планы "Кумтөр" долбоорундагы коррупциялык иштердин ачыкка чыгышына жол бербөө максатын көздөгөн деген версиялар каралууда.
 Бирок юристтердин айтымында, Кумтордогу коррупциялык иштер боюнча Дастан Сарыгуловдун күнөөсү далилденген учурда деле аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүн болбой калат. Анткени кылмыштын эскирүү мөөнөтү мурдагы мыйзамдар боюнча 10 жылды гана түзөт. Бирок мындай жагдай дагы аны толук актоого негиз боло албайт. Сот бийликти басып алуу боюнча ишти карап жатканда бул фактыны эске алса болот. 
Жыпар Жекшеев депутат кезинде Кумтөр көйгөйү менен узак убакыт алектенген. Ал алтын кен маселесинин бир жактуу чечилбей келатканын- аткаминерлердин паракорчулугуна байланыштырат. Чет элдик инвесторлор да башынан эле бийликтердин оозун акча менен жапканга кызыкдар болушкан. Убагында канадалыктар бардыгын- министрлерден тартып президент Акаевке чейин сатып алган дейт. 

Бул арада Кумтөрдүн азыркы жетекчилерине карата жаны кылмыш иши козголгону маалымдалды. Анын негизинде ишкананын башкы менеджерлерине өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Аларга ири көлөмдөгү активдерди жоготкон жана мамлекеттик сатып алууларда кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда. 


Новости по дате