http://www.ktrk.kg/КТРКда комуз күнүнө карата онлайн концерт өттү

КТРКда комуз күнүнө карата онлайн концерт өттү

9 Сент 2020 , 21:27 5628

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда комуз жумалыгы 7-сентябрда расмий түрдө старт алып, учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен залкар комузчулардын катышуусунда онлайн форматта концерт өттү. Иш-чара КТРК, “Маданият.Тарых.Тил” каналы жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин фейсбук баракчалары аркылуу түз көрсөтүлдү.

9-сентябрь - Комуз күнүнө карата уюштурулган онлайн концертти КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу менен маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов салтанаттуу түрдө ачышты. Концерт “Маданият.Тарых.Тил” менен КТРК каналы аркылуу түз көрсөтүлдү.

Концерт кыргыз элинин эң байыркы элдик аспаптарынын бири - комуздун тарыхын жана улуулугун көрсөтүү үчүн уюштурулду. 7-сентябрда башталган комуз жумалыгынын алкагында өлкөнүн телеканалдарында комузга, залкар комузчуларга жана алардын күүлөрүнө арналган атайын илимий-практикалык конференция, программалар, сабактар көрсөтүлүүдө.

Ал эми бул иш-чара менен комуз күнүн белгилөө аяктаган жок. 13-сентябрга чейинки жумалыктын алкагында бир катар маданий иш-чаралар мерчемделген. Комуз жумалыгы залкар комузчу, күүчү Атай Огонбаевдин 120 жылдыгын белгилөө менен аяктайт. Анын урматына республиканын бардык аймактарында белгилүү “Маш-Ботой” күүсү ойнолмокчу.



Новости по дате