http://www.ktrk.kg/Бишкектин айрым райондорунда таза суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым райондорунда таза суу убактылуу өчүрүлөт

21 Сент 2020 , 14:11 504

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин айрым райондорунда 22-23-сентябрь күндөрү таза суу убактылуу өчүрүлөт. Мындай иш-чаралар кыш мезгилине даярдык көрүү максатында жүргүзүлүп жатат. 

Тагыраагы, 22-сентябрда саат 9:00дөн 17: 00гө чейин Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында суу болбойт. 23-сентябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Дэн Сяопин, Профсоюз, Патрис Лумумба, Кустанай көчөлөрү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт. 

Анын ичинде Дэн Сяопин 306/1 дарегиндеги «Алматы таттулары» ишканасында, Дэн Сяопин 306 дарегиндеги “Курулуш короосунда”, «Давут» дүкөнүндө, «Алтын Тамыр», «Жапаралиев», «Акун» жана «КЭЧ-2» ишканаларында дагы таза суу убактылуу үзгүлтүккө учурайт.

Новости по дате